> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 1 млрд сомдон ашык каражатка 28 чакырым жол курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/09/talasta-1-mlrd-somdon-ashyk-karazhatka-28-chakyrym-zhol-kuruluuda/
- Published: 2026-07-09T07:21:40.000Z
- Updated: 2026-07-09T07:21:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Талас шаарында жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн эки жана төрт тилкелүү жолдордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, учурда Бердике Баатыр, Атай Огонбаев, Оторбаев, Мырзалиев, Осмонкулов, Турдалиев, Шеркулов, Шамбетов, Манас, Үмөт Молдо, Мадиев жана Чубак Сатаев көчөлөрүндө жол куруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

> Бул масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга Президенттин турукташтыруу фондунан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Мындан тышкары, 2024-2025-жылдары Талас шаарында жалпы 30 чакырым жол жана 56 чакырым жөө адамдар үчүн тротуар курулган.