> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк–Түштүк жолундагы "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/09/tunduk-tushtuk-zholundagy-kok-art-tolom-aluu-punktu-ishke-kirdi/
- Published: 2026-07-09T04:35:16.000Z
- Updated: 2026-07-09T04:35:15.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол акысын төлөө накталай эместартипте жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.

> "Көк-Арт" туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп саналат. Анын узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт. Туннелди үзгүлтүксүз тейлөө үчүн жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жана авариялык байланыш системалары күнү-түнү иштеп турушу зарыл.

Министрлик белгилегендей, төлөмдөр Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы №134 токтомуна ылайык алынат. Чогулган каражаттар туннелди жана жолду тейлөөгө, оңдоого жана коопсуз пайдаланууну камсыздоого жумшалат.

Жол акысынын өлчөмү:

- **М1 (жеңил автоунаалар)** – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн – 200 сом;
- **М2 (5 тоннага чейинки кичи автобустар)** – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
- **N2/Т5 (3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор)** – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
- **М3/N2 (автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар)** – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
- **N3 (12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар)** – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
- **N3O3, Т4/2, N3O4 (чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар)** – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.

> Мындан тышкары, төлөм алуу пунктунда 8 кыймыл тилкеси уюштурулуп, транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо жана жол тыгындарын азайтуу каралган.