> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргон – Арстанбап жолу сел калдыктарынан тазаланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/13/bazar-korgon-arstanbap-zholu-sel-kaldyktarynan-tazalandy/
- Published: 2026-07-13T10:46:06.000Z
- Updated: 2026-07-13T10:46:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун бир нече тилкесинде сел жүрүп, кум, шагылдар жолду бөгөп калган. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук админстрациясынан билдиришти.**

> *Сел 12-июлда болжол менен кечки саат 20:15тер чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин орун алган. Анда райондун Кеңеш айыл аймагына караган Кекилик тилкесинде кокту-колоттордон келген сел суулары Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун болжол менен 14-чакырымын кум-шагылга толтурган.* 

Селдин кесепетинен унаа жол эки тараптуу убактылуу жабылган. Кийинчерээк жерине №50 Жол тейлөө ишканасынан 1 автожүктөгүч жана 1 автогрейдер жана айыл өкмөт тарабынан 2 инженердик техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп саат 22:30 да каттам бир тараптуу ачылган. Ал эми, 13-июлга караган түнү саат 00:30да унаа жол эки тараптуу ачылган.