> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/13/bishkektegi-iri-zhol-kurulushtarynyn-zhurushu-teksherildi/
- Published: 2026-07-13T10:01:00.000Z
- Updated: 2026-07-13T10:01:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу жана реконструкциясы жүрүп жаткан бир катар жол объектилерин кыдырып, долбоорлордун аткарылышы жана мөөнөтүнө таасир эткен көйгөйлөр менен жеринен таанышты.**

Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 чакырымды түзгөн жаңы жол жана көпүрө курулуп, эки маанилүү шаардык магистралды бириктирет. Долбоор борбордун түштүк бөлүгүндөгү транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.

> Ошондой эле Муромский көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки, Сухэ-Батор көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейинки жана Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкелери да текшерилди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө инженердик тармактарды жана канализацияны куруу, жол иштеринин сапаты, сырткы жарыктандыруу, ошондой эле курулуш аймагындагы объектилер боюнча маселелер каралды. Бир катар көйгөйлөр подрядчы уюмдардын жана тиешелүү шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде чечилди.

> Жыйынтыгында Айбек Джунушалиев подряддык уюмдарга жана жооптуу кызматтарга курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү, сапатын камсыз кылууну жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783935434.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783935422_large-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783935535.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783935541.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783935588.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783935421.jpeg)