> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө күчүндө
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/14/bishkekte-zhuk-tashuuchu-unaalarga-ubaktyluu-chektoo-kuchundo/
- Published: 2026-07-14T07:32:37.000Z
- Updated: 2026-07-14T07:32:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Үстүбүздөгү жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин Бишкек шаарындагы муниципалдык жолдордо оор жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.**

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, чектөө саат 09:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон күндөрү күчүндө болот.

> Ал жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тиешелүү. Чектөө жол катмарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген.

Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды каттамдарды алдын ала пландап, күндүн эң ысык маалында оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпоого жана белгиленген талаптарды сактоого чакырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*