> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чат-Базар – Арал – Талды-Булак жолуна асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/14/chat-bazar-aral-taldy-bulak-zholuna-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-07-14T11:04:30.000Z
- Updated: 2026-07-14T11:04:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Талас облусунун Талас районундагы Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунда 2026-жылга карата титулдук тизменин негизинде 5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.** 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда жол куруучулар тарабынан бул тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. 

Мындан тышкары, Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына алып баруучу 10 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. 

> *Учурда жолдун негизин даярдоо, жер кыртышын тегиздөө жана кеңейтүү сыяктуу жер жумуштары аткарылууда.*

> *Ошондой эле Көк-Ой – Кызыл-Туу унаа жолунун планга кирген тилкесине асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми Кызыл-Туу – Манас – Ордо унаа жолунда жер жумуштары уланууда.* 

Аталган жолдордо курулуш иштери бекитилген графикке ылайык министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.