> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаш Гвардия – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши  убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/14/zhash-gvardiia-lev-tolstoi-kocholorunun-kesilishi-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-07-14T04:35:48.000Z
- Updated: 2026-07-14T04:35:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**20-июлдан тарта Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде бардык транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу толугу менен токтотулат.**

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, чектөө жаңы транспорттук түйүн жана көпүрө куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга байланыштуу киргизилүүдө.

> Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылган.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырды.