> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 25-июлда Бишкек – Балыкчы багыты боюнча кечки поезд каттамы жүрбөйт
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/15/25-iiulda-bishkek-balykchy-bagyty-boiuncha-keki-poezd-kattamy-atkarylbait/
- Published: 2026-07-15T11:33:56.000Z
- Updated: 2026-07-15T11:34:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**25-июлда пландаштырылган ички иш-чараларга байланыштуу Балыкчы пляж – Бишкек багыты боюнча кечки поезд каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.**

25-июлда Бишкек – Балыкчы пляж багыты боюнча эртең мененки поезд белгиленген графикке ылайык каттайт. Ал эми Балыкчы пляж – Бишкек багыты боюнча кечки поезд каттабайт.

> *26-июлдан тартып поезддердин кыймылы кайрадан бекитилген графикке ылайык кадимки тартипте жүргүзүлөт.*

“Кыргыз темир жолу” ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.