> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алгачкы ирет Тамчы – Баткен – Тамчы аба каттамы ишке ашырылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/16/algachky-iret-tamchy-batken-tamchy-aba-kattamy-ishke-ashyryldy/
- Published: 2026-07-16T12:16:11.000Z
- Updated: 2026-07-16T12:16:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**16-июлда “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча өлкө тарыхындагы эң биринчи түз авиакаттамды аткарып, Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында жаңы барак ачты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Баткендин тургундары өмүрүндө биринчи жолу узак жол жүрбөстөн жана эч кандай транзитсиз түз эле Ысык-Көлдүн жээгине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми Ысык-Көл облусунун тургундары өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирине тез арада жете алышат.

> *Жаңы багыт Кыргызстандын транспорттук байланышын чыңдоодо, ички туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө дагы бир маанилүү кадам болуп калды.*

Каттамдар жайкы туристтик сезон учурунда жума сайын бейшемби күндөрү аткарылып турат.

Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомдон башталат.