> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө жол курулуштарын тездетүү тапшырмасы берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/16/ysyk-koldo-zhol-kurulushtaryn-tezdetuu-tapshyrmasy-berildi-2/
- Published: 2026-07-16T09:34:18.000Z
- Updated: 2026-07-16T09:34:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан жол куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунун жүрүшүн жеринен текшерип, курулуштун сапаты жана мөөнөттөрүнүн сакталышы боюнча бир катар тапшырмаларды берди.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында бир катар маанилүү жол объектилериндеги курулуш иштеринин жүрүшү каралды.

Алардын катарына "Каракол – Эңилчек" автожолунун 0–38-чакырым аралыгын, "Ак-Булуң – Токтогул" жолунун 0–8-чакырым аралыгын жана "Каракол – Раздольный – Советский – Сыртзавод" автожолунун 38,5–51-чакырым аралыгын реконструкциялоо долбоорлору кирет.

> Мындан тышкары, "Бозучук – Жыргалаң айылы" автожолунун 14,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө жана "Жыргалаң" тоо-лыжа курортуна алып баруучу 8,5 чакырым автомобиль жолун жана технологиялык кирме жолдорду куруу долбоорунун жүрүшү текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Тариэль Жаныбеков тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө, инженер-консультанттарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүү, бекитилген графиктен четтебөө, аткарылып жаткан иштердин сапатын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.