> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2026-жылдын алты ай аралыгында 651 чакырым жол асфальтталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/17/2026-zhyldyn-alty-ai-aralygynda-651-chakyrym-zhol-asfalttaldy/
- Published: 2026-07-17T04:45:27.000Z
- Updated: 2026-07-17T04:45:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**2026-жылдын июль айына карата республика боюнча жалпы 651 чакырым унаа жол толугу менен асфальтталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп. Тактап айтканда, 2025-жылдын июль айына карата өлкө боюнча 386 чакырым жол асфальтталган болчу.**

> *Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жол куруудагы өсүш жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт. Жаңы жана сапаттуу жолдордун курулушу аймактардын байланышын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттамын камсыздоого өбөлгө түзүүдө.*

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштерин улантып, курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөдө.