> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Темен-Суу айылынын унаа жолуна төшөлгөн асфальттын сапаты текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/20/temen-suu-aiylynyn-unaa-zholuna-tosholgon-asfalttyn-sapaty-teksherildi/
- Published: 2026-07-20T05:36:55.000Z
- Updated: 2026-07-20T05:36:55.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунун Москва районуна караштуу Темен-Суу айылындагы унаа жолдун сапатын текшерүү үчүн асфальт-бетон жабуусунан үлгүлөр алынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, текшерүү иштерин Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүздү. Алар жол жабуусунан алынган керн үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөгө жөнөтүштү.

> Сыноолордун жүрүшүндө анын курулуш ченемдерине жана техникалык талаптарга шайкештиги бааланат.

Белгиленгендей, аталган иштер жол курулушунун сапатын көзөмөлдөө, колдонулган материалдардын талапка жооп беришин камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!