> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын – Оруктам жолуна асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/21/naryn-oruktam-zholuna-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-07-21T09:40:45.000Z
- Updated: 2026-07-21T09:40:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы иштер уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы билдирди.**

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,5 – 15-чакырым аралыгындагы 5,5 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөө каралган. 

> *Учурда №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык кызуу уланып, асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.*

Жол куруу жана оңдоо иштери аймактардын транспорттук байланышын жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жана жашоочулар үчүн ыңгайлуулукту арттырууга багытталган.