> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу сел агындыларынан тазаланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/22/balykchy-bokonbaev-karakol-zholu-sel-agyndylarynan-tazalandy/
- Published: 2026-07-22T08:50:29.000Z
- Updated: 2026-07-22T08:50:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көлдө Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Конкино айылынын тушунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жабыркаган тилкеси калыбына келтирилип, жол эки тараптуу ачылды.**

ӨКМдин маалыматына ылайык, 22-июлга караган түнү саат 03:50 чамасында жааган нөшөрдөн улам арыктарга суу батпай, жолдун 207-208-чакырымдарынын ортосундагы болжол менен 10 метр тилкени суу жууп кеткен.

> *Окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, алгач жол убактылуу ачылып, унаалар кезектешип өткөрүлгөн.*

Кийинчерек жолду калыбына келтирүү иштерине бир экскаватор, бир жүктөгүч жана бир самосвал тартылып, бүгүн саат 10:00гө карата жабыркаган тилке толук калыбына келтирилди. Учурда унаалар эки тараптуу тоскоолдуксуз каттоодо.