> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/22/manas-aiylynan-ak-zhol-aiylyna-cheiinki-zhol-bir-taraptuu-zhabylat/
- Published: 2026-07-22T03:56:39.000Z
- Updated: 2026-07-22T03:56:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**​Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери улантылууда.**

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 22-июлдан тартып иштердин бешинчи этабы башталат. Оңдоп-түзөө убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат.

> *Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен жолдун каршы тарабы аркылуу уюштурулат.*

> *Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес. Унаалардын эки багыттагы кыймылы жүрүүчү бөлүктүн бир тарабы менен жүргүзүлөт.*

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого, жол белгилеринин талаптарын жана жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн сактоого, ошондой эле мүмкүн болсо жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.