> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк – Түштүк жолунда тирөөч дубалдары курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/22/tunduk-tushtuk-zholunda-tirooch-dubaldary-kuruluuda/
- Published: 2026-07-22T03:10:25.000Z
- Updated: 2026-07-22T03:10:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 191– 295-чакырым аралыгында жалпысы 12 тилкеде тирөөч дубалдарды куруу пландалган.**

“Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда курулуш иштери үч тилкеде активдүү жүргүзүлүүдө. 

Алардын ичинен:

1-тилкеде – 240 метр;

2-тилкеде – 60 метр;

3-тилкеде – 100 метр узундуктагы тирөөч дубалдардын курулушу аткарылууда.

> *Азыркы учурда бул үч тилкедеги курулуш иштеринин аткарылышы 90%га жетип, жумуштар белгиленген графикке ылайык жогорку темпте улантылып жатат.*

> *Тирөөч дубалдар жолдун туруктуулугун камсыз кылып, жер көчкү жана таш кулоо коркунучун азайтуу менен катар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.* 

Калган тилкелерде да курулуш иштерин этап-этабы менен жүргүзүлөт.