> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк айланма жолунда курулуш иштери түнкүсүн да уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/23/tunduk-ailanma-zholunda-kurulush-ishteri-tunkusun-da-ulanuuda/
- Published: 2026-07-23T04:44:53.000Z
- Updated: 2026-07-23T04:44:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Түндүк айланма жолунун курулушу эки нөөмөттө жүрүүдө. Жолду өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү үчүн куруучулар түнкү убакта да иш алып барып жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында төрт жана алты тилкелүү заманбап автожол курулууда.

Аталган жол Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.

> Министрликтин маалыматына караганда, учурда курулуштун бардык баскычтары графикке ылайык аткарылып, иштердин сапаты жана жүрүшү туруктуу көзөмөлдө кармалууда.

Түндүк айланма жолунун пайдаланууга берилиши шаардагы транспорттук агымды жөнгө салып, жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрү күтүлүүдө.