> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Комсомол айылынан Фучик көчөсүнө чейинки жол оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/24/komsomol-aiylynan-fuchik-kochosuno-cheiinki-zhol-ondolot/
- Published: 2026-07-24T06:19:10.000Z
- Updated: 2026-07-24T06:19:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында Васильевский тракт көчөсүн оңдоо иштери уланууда. 24-июлдан тартып Комсомол айылына бурулган жерден Фучик көчөсүнө чейинки тилкеде оңдоо иштеринин алтынчы этабы башталат.**

> *Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун бир тарабы оңдолот. Унаа кыймылы каршы тилке аркылуу эки багытта тең уюштурулат. Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес.*

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жол белгилеринин талаптарын так сактоого, оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан тилкеде өзгөчө этият болууга жана каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.