> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/27/bishkekte-kapitaldyk-ondoodon-kiiin-lushchikhin-kochosu-achyldy/
- Published: 2026-07-27T08:00:42.000Z
- Updated: 2026-07-27T08:00:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын Ленин районунда капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жумуштар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, узундугу 600 метрлик тилкеде аткарылды. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон төшөлүп, заманбап ирригациялык система орнотулду, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз кыймылы үчүн тротуарлар салынды.

> *Бул долбоорду ишке ашыруу транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.*

Асфальт-бетон төшөө жана курулуш-монтаждоо иштерин "СУ-4 Кара-Балта" ЖЧКсы ишке ашырды.