> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Бердибаев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/27/bishkektegi-berdibaev-kochosu-ondop-tuzoodon-otkoruldu/
- Published: 2026-07-27T09:00:09.000Z
- Updated: 2026-07-27T09:00:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын Ленин районундагы Бердибаев көчөсүнүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки 370 метрлик бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.**

> *Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жолго жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тротуарлар курулду. Ошондой эле жаан-чачын жана кардын эриген сууларын натыйжалуу агызууга багытталган заманбап ирригациялык тармак орнотулду.*

Оңдоо иштери “СУ-4 Кара-Балта” ЖЧКсы тарабынан белгиленген мөөнөттө жана сапаттын колдонуудагы талаптарына ылайык аткарылды.