> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чыгырыктарды ижарага алгандар камсыздандыруу кызматын пайдалана алышат
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/27/chygyryktardy-izharaga-algandar-kamsyzdandyruu-kyzmatyn-paidalana-alyshat/
- Published: 2026-07-27T10:36:50.000Z
- Updated: 2026-07-27T10:36:50.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланган жарандар үчүн камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралганын эскертти.**

Маалыматка ылайык, колдонуучулардын коопсуздугун жогорулатуу жана алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо максатында электр чыгырыктарды ижарага берген компаниялар мыйзамга ылайык жарандык жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууну ишке ашырууга укуктуу.

> Белгиленгендей, камсыздандыруу жол-транспорт кырсыгы же жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон күтүлбөгөн жагдайларда кошумча каржылык коргоону камсыздайт.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!