> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/27/el-aralyk-avtozhurush-zhyiyntyktaldy/
- Published: 2026-07-27T07:30:19.000Z
- Updated: 2026-07-27T07:30:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**22-26-июлда Кыргызстанда Тоолуу автомобиль жолдору боюнча өкмөттөр аралык жолчулар кеңешинин IX Эл аралык автожүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Словакиянын жол тармагынын өкүлдөрү, эксперттер жана окумуштуулар катышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, автожүрүш Ош – Өзгөн – Манас – Казарман – Балыкчы – Чолпон-Ата – Түп – Каракол багыты боюнча өтүп, катышуучулар тоолуу автомобиль жолдорунун абалы, курулушу, эксплуатациясы менен жеринде таанышышты. Автожүрүштүн алкагында Манас шаарында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп, тоолуу жолдорду өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.*

Иш-чара мамлекеттер ортосундагы транспорттук кызматташтыкты чыңдоого, жол тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга жана тоолуу жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Кыргызстандагы этап аяктагандан кийин автожүрүш өз багытын Казакстандын аймагында улантты.