> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/27/mamlekettik-ish-saparlarga-bailanyshtuu-ysyk-koldo-zhol-kyimylyna-chektoo-kirgizilet/
- Published: 2026-07-27T13:00:59.000Z
- Updated: 2026-07-27T13:00:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди.**

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. 

Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия – Азербайжан саммити да дал ушул күндөргө мерчемделген. 

> *“Мындан улам убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз. Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм”, - деп билдирди Алагөзов.*