> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/27/uchaktagy-orundardyn-sanynan-ashyk-aviabilet-satuuga-tyiuu-salynat/
- Published: 2026-07-27T12:17:43.000Z
- Updated: 2026-07-27T12:17:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды.

> *Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпанияларга жүргүнчүлөр үчүн орундарды ашыкча брондоо практикасын толугу менен токтотуу жана сатылган авиабилеттердин саны аба кемесинин иш жүзүндөгү орундарынын санына толук шайкеш келишин камсыз кылуу талабын коёт.*

Бул талапты бузган авиакомпанияларга кызматташуу шарттарына ылайык катуу чаралар көрүлөт. Алар санкцияларды колдонууга жана мындан аркы кызматташтыкты кайра карап чыгууга чейин жетиши мүмкүн. Авиабилет сатып алган ар бир жаран аба кемесиндеги өз ордун ээлеп, негизсиз түрдө учуруудан баш тартууга кабылбастан, көздөгөн багытына учуп кетеринеишенимдүү болушу керек.