> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Бешим айылында төшөлгөн жолдун сапаты текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/28/ak-beshim-aiylynda-tosholgon-zholdun-sapaty-teksherildi/
- Published: 2026-07-28T08:31:44.000Z
- Updated: 2026-07-28T08:31:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча курулуп жаткан жолдордун сапатына көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.**

Министрликтин маалыматына ылайык, көчмө текшерүүнүн алкагында Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылында узундугу 4 чакырымды түзгөн унаа жолунун асфальт-бетон жабындысынан керн үлгүлөрү алынды.

Алынган үлгүлөр Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлөт.

> Лабораториялык сыноонун жүрүшүндө адистер асфальт-бетон аралашмасынын физикалык-механикалык көрсөткүчтөрүн аныктап, анын курулуш ченемдерине, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин текшеришет.

Курулуш министрлиги белгилегендей, мындай текшерүүлөр жол куруу иштеринин сапатын камсыздоо жана курулуш материалдарынын белгиленген талаптарга жооп беришин көзөмөлдөө максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-28----14.22.51.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/82001235-fbb2-4a69-9069-4ec8167a9f12.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/02dcb2ad-7017-4b45-9cf0-e90b83b22ecb.jpeg)