> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жети-Өгүздө жайлоолорго баруучу жолдор оңдолду
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/28/zheti-oguzdo-zhailoolorgo-baruuchu-zholdor-ondoldu/
- Published: 2026-07-28T03:15:42.000Z
- Updated: 2026-07-28T03:15:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Жети-Өгүз айыл аймагынын аймагындагы жайлоолорго баруучу жолдорду оңдоо жана түздөө иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз жайыт кызматы тарабынан Ырдык, Көк-Жайык, Кайың-Булак, Талды-Булак жана Өмүр-Тоо жайлоолоруна алып баруучу жолдор атайын техникалардын жардамы менен сүрдүрүлүп, оңдолду. Бул багыттар боюнча жалпы 25 чакырым жол түздөлүп, малчылардын жана жайлоого барган жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттоосуна шарт түзүлдү.

> *Мындан тышкары, Кашка-Суу, Үч-Булак жана Сары-Жон багытындагы жолдор да оңдолуп, жалпы 17 чакырым жол сүрүлүп, калыбына келтирилди.*

> *Ошондой эле Талды-Булак жана Туз-Суу аймактарында жаңы көпүрөлөр салынып, жол инфраструктурасы дагы жакшыртылды. Бул иштер жайлоолорго каттоону жеңилдетип, жергиликтүү тургундардын жана малчылардын эмгегине чоң жардам болот.*

Жети-Өгүз айыл аймагында жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да этап-этабы менен улантылып, калкка ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

[](https://www.facebook.com/pfbid0UsgVdYc9icDpRnnCujXWhzFfxg7vR7qLPR63z5bbnvFByn4yLqEK2Mij6zVncQtyl/videos/pcb.1723853272277651/1704501780667239?%5F%5Fcft%5F%5F%5B0%5D=AZa%5Fw9ennT6Q8E-lQ0ptcmLYI-ioDrqiwSfy6-E4i-1mbh0IrRAkN6DuekAybTWaz-y458C19iL5ABYXH3tQYRmzXf55J2Sa%5FEYGpYMYrph6SbnwHoutL55jYRp6AuJDC9WCcYBE64iWIQVcBCs80nTb&%5F%5Ftn%5F%5F=%2Ab4H-R)