> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башыда бир катар унаа жолдору асфальтталууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/29/at-bashyda-bir-katar-unaa-zholdorunda-asfalttoo-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-07-29T10:14:24.000Z
- Updated: 2026-07-29T10:14:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 7–13-чакырым аралыгындагы 6 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.** **Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бщлдиришти.**

Маалыматка ылайык, Чар – Ак-Муз унаа жолунда жалпы 7,8 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Учурда анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

Ошондой эле Ташрабат унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Азыркы тапта жер жумуштары аяктап, асфальт төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

> Министрликтен белгилешкендей, жол куруу иштери жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана транспорттук каттамдардын сапатын жакшыртуу максатында техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.

Мындан тышкары, Ат-Башы районунун башка жол тилкелеринде да курулуш иштери бекитилген план боюнча уланууда. Жолдордун курулушунун жүрүшү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.