> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчыдагы 6,4 чакырымдык айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/30/balykchydagy-6-4-chakyrymdyk-ailanma-zholdun-kurulushu-kyzuu-zhuruudo/
- Published: 2026-07-30T10:56:06.000Z
- Updated: 2026-07-30T10:56:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Балыкчы шаарында узундугу 6,4 чакырымды түзгөн айланма унаа жолунун курулушу уланууда. Долбоордун курулуш иштери 2026-жылдын апрель айында башталган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болуп, үч айланма кесилиш, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрө, 12 суу өткөрүүчү түтүк, туурасы 4,5 метр болгон велосипед жолу жана автоунаа токтотуучу жай курулат.

> Жаңы жол пайдаланууга берилгенден кийин шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жакшырып, жол жүрүү убактысы кыскарат. Ошондой эле аймактар аралык транспорттук байланыштын жакшырышына шарт түзүлөт.

Учурда курулуш аянтында 34 даана атайын техника тартылып, 60 адис эмгектенүүдө.

Долбоордун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат.