> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Каракол” аба майданында жакынкы күндөрү эл аралык каттам аткарылып баштайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/30/karakol-aba-maidanynda-zhakynky-kundoru-el-aralyk-kattam-atkarylyp-bashtait/
- Published: 2026-07-30T05:40:07.000Z
- Updated: 2026-07-30T05:40:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Каракол” эл аралык аба майданында көчмө жумушчу кеңешме өткөрүлүп, анда өлкө үчүн маанилүү инфратүзүмдүк долбоорлордун бири болгон учуу-конуу тилкесин узартуу иштеринин жүрүшү менен таанышуу болду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.**

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулуш иштери 95% аткарылды. Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады. Учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулуп, аларды техникалык ишке киргизүү, жөнгө салуу жана буга чейин колдонулуп келген учуу-конуу тилкесинин иштеп жаткан системасы менен интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

> *Бул аба майданын жаңы форматта иштетүүгө даярдоонун акыркы баскычтарынын бири болуп саналат. Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аба майданы аба кемелерин күнү-түнү кабыл алып, жөнөтө алат. Бул анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.*

Август айынын ортосунда “Каракол” аба майданына алгачкы техникалык эл аралык каттамды аткаруу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.