> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Киев көчөсүнүн эки тилкесинде жол кыймылы жарым-жартылай чектелет
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/30/kiev-kochosunun-eki-tilkesinde-zhol-kyimyly-zharym-zhartylai-chektelet/
- Published: 2026-07-30T03:15:01.000Z
- Updated: 2026-07-30T03:15:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери аяктаганын билдирди.**

Маалыматка ылайык, кийинки этаптын алкагында 30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкелеринде жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

> Анын алкагында Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосунда диаметри 159 мм болгон түтүктөр, ал эми Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосунда диаметри 219 мм болгон түтүктөр жаңыланат.

Оңдоо иштерине байланыштуу 30-июлдан тартып аталган тилкелерде транспорттун кыймылы жарым-жартылай чектелет.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландаштырып, убактылуу жол чектөөлөрүн эске алууга чакырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*