> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Учак билетинин баасы кымбаттайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/30/uchak-biletinin-baasy-kymbattait/
- Published: 2026-07-30T10:13:19.000Z
- Updated: 2026-07-30T10:13:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Күйүүчү майдын баасы 32%га кымбаттаганы авиакаттамдардын наркына таасирин тийгизди.**

“Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын маалыматына ылайык, тарифтердин өзгөртүлүшү Кыргызстандагы авиациялык күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө байланыштуу. 

> *Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча күйүүчү майдын баасы 32 %га кымбаттап, бул авиаташуулардын өздүк наркына таасирин тийгизген.*

Бир тарапка учуу үчүн жаңы тарифтер төмөнкүдөй болот: 

Бишкек – Ош багыты боюнча – 4100 сомдон 6 миң 500 сомго чейин;

Бишкек – Манас багыты боюнча – 4100 сомдон 5 000 сомго чейин.

Билеттин акыркы баасы аны сатып алган күнгө, каттамдын толушуна жана тиешелүү тарифтик класста орундардын бар-жогуна жараша аныкталат.