> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Нарын – Бишкек авиакаттамынын баасы сентябрдан тарта кымбаттайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/31/bishkek-naryn-bishkek-aviakattamynyn-baasy-sentiabrdan-tarta-kymbattait/
- Published: 2026-07-31T10:30:07.000Z
- Updated: 2026-07-31T10:30:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы Asman Airlines авиакомпаниясынын Бишкек – Нарын –Бишкек багыты боюнча акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-августуна чейин узартылганын билдирди.**

Маалыматка ылайык, акция 31-июлда аяктамак. Бирок жүргүнчүлөрдүн жогорку суроо-талабына байланыштуу аны дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынган.

> *Акциянын алкагында Бишкек – Нарын багыты боюнча авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 2 100 сомдун ордуна 1 000 сомду түзөт.*

> *Мындан тышкары, Казарман -Бишкек каттамындагы акциялык тариф да күчүндө калууда. Ал 2026-жылдын 26-сентябрына чейин уланат. Бул багыт боюнча бир тарапка билеттин баасы 3 100 сомдун ордуна 2 100 сомду түзөт.*

Компания белгилегендей, акциянын мөөнөтүн узартуу аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ички туризмди өнүктүрүүгө жана калк үчүн жеткиликтүү авиакаттамдардын санын көбөйтүүгө багытталган.