> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/31/ysyk-koldo-dagy-bir-es-aluu-zhaiyna-alyp-baruuchu-zhol-zhanylandy/
- Published: 2026-07-31T05:12:19.000Z
- Updated: 2026-07-31T05:12:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусундагы "Чайка" эс алуу жайына алып баруучу жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду. Ошондой эле сырткы жарыктандыруу системасы толугу менен орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоор Президенттин колдоосу менен ишке ашырылып, аймактын жол инфраструктурасын жакшыртууга жана эс алуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*