> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/03/balykchy-kochkor-temir-zholunun-1-chakyrymynyn-baasy-955-min-dollardy-tuzdu/
- Published: 2026-08-03T12:55:30.000Z
- Updated: 2026-08-03T12:55:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.**

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн 5 миллиондон 8 миллион долларга чейин каражат талап кылышкан.

Жыйынтыгында темир жол ишкананын өз каражатынын эсебинен салынып, бир чакырымынын баасы 955 миң долларды түзгөн.

> *Сакиев белгилегендей, жаңы темир жол аркылуу мунай зат, эл керектөөчү товарлар жана башка жүктөр ташылат. Бул автожолдордогу жүктү азайтып, логистикалык чыгымдарды кыскартууга жана жүк ташуунун коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.*

Мындан тышкары, бул каттамда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы да ишке киргизилери айтылды.