> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/03/bishkektegi-7-aprel-zhana-polevaia-kocholorunun-kesilishi-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-08-03T03:44:44.000Z
- Updated: 2026-08-03T03:44:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 2-августтан тартып эстакадалык көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабынын алкагында 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошонлой эле курулуш-монтаж иштерин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө. Жол жабылган мезгилде транспорт каражаттары альтернативдүү каттамдар аркылуу өткөрүлөт.Айланып өтүү жолдору алдын ала белгиленип, убактылуу жол белгилери орнотулат.*

Бишкек шаардык мэриясы айдоочулардан жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнөн каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылынын уюштурулушундагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну жана мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүнөт.