> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Ауэзов көчөсү пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/03/bishkektegi-auezov-kochosu-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-08-03T05:29:43.000Z
- Updated: 2026-08-03T10:29:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**1-августтан тартып Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү комплекстүү оңдоп-түзөөдөн кийин унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жолдун коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин толук комплекси аткарылды.*

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон жабуусу төшөлүп, тротуарлар курулду жана оңдолду, инженердик коммуникациялар жаңыланып, жаан-чачын сууларын агызуу системасы курулду. Ошондой эле көчөнүн айланасы көрктөндүрүлүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.