> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежеси бузулду
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/03/kyrgyzstanda-bir-zhumada-23-minden-ashyk-zhol-erezhesi-buzuldu/
- Published: 2026-08-03T07:58:17.000Z
- Updated: 2026-08-03T07:58:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Өлкө аймагында 24-июлдан 30-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.**

Маалыматка ылайык, катталган мыйзам бузуулардын ичинен:

- тиешелүү документтери жок унаа башкарган – 788;
- мас абалында унаа башкарган – 395;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан – 240;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу – 803;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 793;
- автоээнбаштык – 25;
- белгиленген ылдамдыкты ашыруу – 1 500;
- жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 10;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 461.

> Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 164 автоунаа убактылуу айып короосуна токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого жана жолдо жоопкерчиликтүү болууга чакырды.