> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/03/kytai-kyrgyzstan-ozbekstan-temir-zholunun-kurulushu-zherinde-teksherildi/
- Published: 2026-08-03T03:59:51.000Z
- Updated: 2026-08-03T03:59:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерге баа беришти. Ошондой эле долбоордун учурдагы абалы, алдыдагы этаптары жана аны белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар курулушка тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, курулуштун сапаты, иштин жүрүшү жана алдыдагы пландар боюнча пикир алышты.

> Учурда "Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде кеңири масштабдагы курулуш иштери жүрүүдө. Долбоордун алкагында тоннелдер, көпүрөлөр жана башка инженердик инфраструктуралык объектилер курулуп жатат.

Аталган темир жол долбоору Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, логистикалык дараметин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык транспорттук коридордогу стратегиялык ролун чыңдоого багытталган.