> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/04/adylbek-kasymaliev-ysyk-koldogu-ailanma-zholdun-kurulushu-eki-uch-zhyldyn-ichinde-aiaktait/
- Published: 2026-08-04T13:54:56.000Z
- Updated: 2026-08-04T13:54:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.** 

> *“Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын ичинде аякталат деп пландалууда. Мындан тышкары, Чолпон-Атага чейин темир жол куруу пландарыбыз бар”, – деди Касымалиев.* 

Касымалиевдин айтымында, ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү учурунда тыгындарды болтурбоо мүмкүн эмес. Ошондуктан бийлик аймактын жол инфраструктурасын жаңылоону көздөп жатат.