> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Балыкчы поезд каттамынын убактысы кыскарат
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/04/bishkek-balykchy-poezd-kattamynyn-ubaktysy-kyskarat/
- Published: 2026-08-04T04:33:49.000Z
- Updated: 2026-08-04T04:33:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Кыргыз темир жолу” Бишкек – Балыкчы багытындагы поезд каттамын мындан ары өнүктүрүп, жол жүрүү убактысын 3 саат 40 мүнөткө чейин кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ишкананын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.**

Анын айтымында, инфраструктура жана кыймылдуу курам жаңылангандан кийин каттамдагы жол жүрүү убактысы беш сааттан төрт саатка чейин кыскарган. Учурда жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана каттамды жакшыртуу боюнча иштер уланууда.

> *Ошондой эле Балыкчы – Чолпон-Ата багытындагы жаңы темир жол линиясын куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Курулуш иштерин келерки жылы баштоо пландалууда.*

Мындан тышкары, “Кыргыз темир жолу” Кочкор багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүнү көздөп жатат. Жаңы линиялардын курулушу Нарын облусунун тургундары үчүн Бишкекке темир жол аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.