> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/04/bishkek-kuntuu-shopokov-zholunda-zhany-kopuronun-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-08-04T07:28:24.000Z
- Updated: 2026-08-04T07:28:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүп жатат.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жолдун 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттын негизги катмары (саббейс) төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Мындан тышкары, суу агызуучу арыктарды жана тротуарлардын бордюрларын орнотуу иштери уланууда.

Долбоордун алкагында 3+900 пикетинде жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу толугу менен бүткөрүлдү.

> Ошондой эле Күнтуу айылынан Токбай айылына чейин узундугу 7,5 чакырым болгон таза суу түтүкчөлөрү толугу менен тартылып, электр мамычалары менен чубалгылары жаңы жайларга көчүрүлдү. Бул тилкеде жол жана тротуарлардын бордюрлары, ошондой эле суу агызуучу арыктар толугу менен орнотулду. Ал эми 96+106 пикетинде негизги катмарды төшөө иштери уланууда.

Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, аны "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы ишке ашырууда.

Белгилей кетсек, Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Былтыр анын 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык улантылып жатат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*