> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/04/bishkektin-airym-kocholorundo-unaa-kyimylyna-chektoo-kirgizilet/
- Published: 2026-08-04T10:26:49.000Z
- Updated: 2026-08-04T10:26:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, мындай чечим шаарда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу долбоорун улантууга байланыштуу кабыл алынган.*

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:

Анкара көчөсүндө, "Глобус" соода борборунун жанында;

Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;

7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;

Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;

Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);

Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт.