> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/04/talastagy-zhany-zholdun-asfalty-laboratoriialyk-teksheruugo-zhonotuldu/
- Published: 2026-08-04T07:57:54.000Z
- Updated: 2026-08-04T07:57:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө иштерин улантууда.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Талас облусундагы Осмонкул унаа жолунун асфальт-бетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрү алынды.

> Министрликтин маалыматына ылайык, алынган үлгүлөр борбордун сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү текшерилет. Ошондой эле анын курулуш ченемдерине, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештиги бааланат.

Белгиленгендей, мындай текшерүүлөр жол инфраструктурасынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле курулуш иштеринин талаптарга ылайык аткарылышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлөт.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/5d53a36b-7a22-41df-9f83-b3d986e52eb0.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/9e4f3911-b696-4306-a1a5-9db4447915dc.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/e57cdac9-5100-4d4e-9194-96dd762aa4fa.jpeg)