> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баетов – Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/05/baetov-makmal-unaa-zholundagy-seldin-kesepeti-zhoiuldu/
- Published: 2026-08-05T06:58:00.000Z
- Updated: 2026-08-06T03:39:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Окуя болгон жерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникалар менен ыкчам тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

> Аткарылган иштердин натыйжасында алгач жолдун бир тарабы ачылып, унаалардын кыймылы убактылуу бир тилке аркылуу уюштурулду.

Учурда жол толугу менен тазаланып, эки багыттагы унаа кыймылы толук калыбына келтирилди.