> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте коомдук транспорттун коопсуздугу жана тейлөө сапаты талкууланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/06/bishkekte-koomduk-transporttun-koopsuzdugu-zhana-teiloo-sapaty-talkuulandy/
- Published: 2026-08-06T03:34:59.000Z
- Updated: 2026-08-06T03:34:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Күн мурун Бишкек шаарында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана каттам бригадирлеринин катышуусунда жыйын өттү.**

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жыйында коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тейлөө маданиятын жакшыртуу жана айдоочулардын эмгек шарттары талкууланды.

Жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу милдети коюлду. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу жана транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

> Мындан тышкары, айдоочулардын эмгек акысын эсептөө тартиби жана төлөө шарттары боюнча маалымат берилип, кызматкерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында каттам бригадирлерине айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмгек тартибин, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө стандарттарын көзөмөлдөө тапшырылды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*