> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жүзгө жакын көчө оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/06/bishkekte-zhuzgo-zhakyn-kocho-ondoluuda/
- Published: 2026-08-06T09:39:07.000Z
- Updated: 2026-08-06T09:39:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкекте жүзгө жакын көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

> *Маалыматка караганда, оңдолуп жаткан жолдун 99у автоунаа жолдору, ал эми 21и – тротуарлар. Ошол эле учурда 56 объектиде иштер толугу менен аяктады. Алардын ичинен 43ү – жол тилкелери, 13ү – тротуар.*

- Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, анын 5 объектиси толук бүткөрүлдү;
- Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 7 объект пайдаланууга берилди;
- Биринчи Май районунда 20 көчөдө иштер жүргүзүлүп, алардын 13ү аяктады;
- Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.
- "Бишкекасфальтсервис" ишканасы 19 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүп, алардын 12синде иштерди толук бүтүрдү.