> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/07/ala-buka-kasan-unaa-zholunun-12-chakyrymy-tolugu-menen-asfalttaldy/
- Published: 2026-08-07T13:58:07.000Z
- Updated: 2026-08-07T13:58:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү.

> Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Анын 6,5 чакырымы 2025-жылы пайдаланууга берилген. Быйыл калган 5,5 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөлүп, натыйжада пландалган 12 чакырым жол толугу менен жаңы асфальт-бетон жабуусу менен камсыздалды.

Жолдун жаңыланышы аймактагы транспорттук каттамды жакшыртып, жүк жана жүргүнчү ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*