> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Манас көчөсүндө жол өтмөктөрү курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/07/bishkektegi-manas-kochosundo-zhol-otmoktoru-kuruluuda/
- Published: 2026-08-07T04:34:50.000Z
- Updated: 2026-08-07T04:34:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Манас көчөсүндөгү жол өтмөктөрүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жол өтмөктөрдүн дубалдары жана колонналары заманбап HPL панелдери менен капталып, шып бөлүктөрү алюминий рейкалары менен жасалууда. 

Ошондой эле заманбап архитектуралык жарыктандыруу системасын орнотуу каралган.

> *Учурда HPL панелдерин орнотуу, алюминий рейкаларын монтаждоо жана электр монтаждоо иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта объектти гранит плиталары менен каптоо иштери уланууда.*

Белгилей кетсек, жол өтмөктөрдү капиталдык оңдоо иштери Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, бекитилген эскиздик долбоордун негизинде жүргүзүлүүдө.