> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду “Кыргыз Темир жолу” ишканасына инвестициялык колдоо көрсөтөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/07/kyrgyz-orus-onukturuu-fondu-kyrgyz-temir-zholu-ishkanasyna-investitsiialyk-koldoo-korsotot/
- Published: 2026-08-07T10:10:57.000Z
- Updated: 2026-08-07T10:10:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**6-августта VIII кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.**

> *Маалыматка караганда, келишимдерге “Кыргыз темир жолу”мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жанаКыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков кол коюшту. Биринчи келишим локомотивдердин дөңгөлөк жуптарын оңдоо үчүн дөңгөлөк-станоктук участокту технологиялык жактан жабдуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну карайт.*

Экинчи келишим контейнерлерди ташуу үчүн 200 фитингдик платформаны сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду биргелешип иштеп чыгууну карайт. Аталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу өндүрүштүк жана темир жол инфраструктурасын жаңылоого, кыймылдуу курамды оңдоонун жана эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө, Кыргызстандын транзиттик потенциалын бекемдөөгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.