> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Канттагы жол жаңы ресайклинг технологиясы менен оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/10/kanttagy-zhol-zhany-resaikling-tekhnologiiasy-menen-ondoluuda/
- Published: 2026-08-10T09:08:07.000Z
- Updated: 2026-08-10T09:08:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кант АБЗ автомобиль жолун асфальттоо иштеринде Кыргызстанда биринчи жолу ресайклинг технологиясы колдонулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жаңы технологиянын негизинде жолдун эски асфальт катмары атайын техниканын жардамы менен ошол жерде кайра иштетилет. Ага шагыл жана башка керектүү материалдар кошулуп, жаңы асфальт төшөөгө жолдун негизи даярдалат. Андан соң анын үстүнө жаңы асфальт катмары төшөлөт.

> Ресайклинг технологиясынын артыкчылыктарынын бири — эски жол материалдарын кайра пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү. Мунун натыйжасында курулушка кеткен чыгымдар азайып, жаратылыш ресурстары үнөмдөлөт.

Ошондой эле аталган ыкма курулуш мөөнөтүн кыскартып, автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана оңдоо иштерин тездетүүгө шарт түзөт.

Маалыматка ылайык, ресайклинг технологиясы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жол куруу жана оңдоо иштеринде көп жылдан бери колдонулуп келет.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*